Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Чүй облусуСокулук району 24.06.2019 09:27

Айыл турмушу: Мая Медалиева тайпалаштары менен 30 жылдан кийин көрүштү

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Орок айыл аймагынын жооптуу катчысы болуп 30 жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келе жаткан Мая Медалиева тайпалаштары менен жолукту.

«М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык училищаны мындан 30 жыл мурун 20дан ашык тайпалаштарым болуп аяктаганбыз. Арабызда белгилүү ырчы Фарида Өмүрзакова, Ырыскелди Осмонкулов да бар. Ошол 20 тайпалаштын 6-7си эркек балдар болсо, калганы кыздар элек. 13 тайпалашымды 30 жыл бою таптакыр көргөн жокмун. Бул жолу анын бешөөсү болуп чогулдук. Эми 8-июлда калгандары менен да жолугушабыз. Баарына кабарладык, баары келебиз деп жооп беришти», - деди ал.

Мая Медалиева: «30 жыл деле оңой жыл эмес экен. Студенттик күндөрдө калган кызыктуу окуяларыбызды айтып, чер жазып, сүйлөштүк. Жашоолорубуз, тагдырларыбыз өзгөргөнү менен кылык-жоруктарыбыз, жүзүбүз анча өзгөрбөптүр. Бир аз гана бетибизге бырыш түшкөнү болбосо, калганы ошол бойдон сыяктанды. 30 жылда баарыбыз үй-бүлө күтүп, очор-бачар болуп, небере жытын жыттап калдык. Эми 8-июлда дагы баарыбыз чогулсак, андан ары катышыбызды үзбөй, шерине ойноп, бири-бирибиздикине конокко баралы деп чечтик.

Жолугушууга келген кыздарыбыздын тертөө дүкөн иштетсе, бирөө музыкалык мектептин директору, дагы бири музыкалык мектептин директорунун орун басары. Бир кызыбыз оркестрда эмгектенет. Мен 30 жылдан бери айыл өкмөттө эмгектенем», - деди.

Мая Маделиева 1970-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн.

«Орок айыл аймагынын тургунуна турмушка чыктым. Жолдошум экөөбүздүн 1 уул, 1 кызыбыз бар. "Муниципалдык кызматтын мыктысы" төш белгисине татыгам. 30 жылдан бери Орок айыл өкмөтүндө жооптуу катчы болуп иштейм. 22 жашыман тарта үч жолу айылдык кеңештин депутаты болуп шайлангам. Ал ортодо юриспруденция багыты боюнча билим алдым. Ал эми музыкалык окуу жайда контрабас ойночумун. Кошумча таланттарым көп. Ырдаганды, бийлегенди жактырам», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×