Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Чүй облусуПанфилов району 19.06.2019 09:44 На русском

Айыл турмушу: Куракчы Р.Кожобекова окуучу кезинен бери ыр жазат

Turmush -  Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Кайыңды шаарынын 68 жаштагы тургуну Рая Кожобекова бош убактысында ыр жазып келет. Анын чыгармалары гезит беттерине байма-бай жарыяланып турат. Мындан тышкары кол өнөрчүлүк менен алектенип, курак курайт. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мен куракты жолдошум менен баш кошуп, балалуу болгондон кийин курап баштадым. Ал убакта жумуш менен алектенип, курак кураганга бош убактым деле болчу эмес. Кийин балалуу болгондо эле үйдө отуруп, курак менен алектенчүмүн. Ошол убакта жакындарга бекер эле төшөк жасап берчүмүн. Кийин союз кулап, кайра куруу мезгили болгондо сеп жасап, төшөк курап сатып баштадым. Буйрутма да алып жүрдүм. Бул өнөр апамдан калган.

Азыр ал ишим менен көп деле алектенбейм. Көбүнчө чыгармачылыкка кызыгып, бош убактымда калем кармап ыр жазам. Негизи мектепте окуп жүргөндө эле ыр жазып, ар кандай даталуу күндөрү чыгармаларымды дубал гезиттерге чыгарып, активдүү окуучу болчумун. Ошол кезде эле ырларым «Ленинчил жаш», «Пионер» деген гезиттерине да басылып чыгып жүрдү. Азыр деле майрам күндөрүнө арналган ырларым райондук гезиттерге чыгып турат. Өзүм китеп сүйүүчүлөрдөн болом. Бош болсом эле китеп окуганга шашылам. Негизинен мага эргүү ар кандай учурда келет. Кээде көпкө чейин жазбай жүрө берем. Айрым учурда кечинде жатканда эргүү келип, жакшы саптар эске келет. Бирок эртеси унутуп коем.

2 кыз, 3 уулум бар. Алар үйлөнүп-жайланып калышкан. Кичүүсү бойдок. Учурда ал чет жерде», - деди ал.

Өмүр

Алпурушуп тирүүлүк, турмуш менен,
Артта калды жылдарым билинбестен.
Бул жашоодо эмнени кыйраттым деп,
Өзүмө-өзүм суроо берип келем.

Өйдө-төмөн турмуштун жолдорунда,
Өргө чыктым жүк көтөрүп колдорума.
Этеңкиме умтулуп күндөр өткөн,
Ишенип бир жакшылык болоруна.

Жаркын үмүт көңүлүмдү эргитип,
Таңды тосуп сезимимди сергитип.
Турмуш күрөш, тирүүлүктө айланып,
Берет тура мээнетиңди кайтарып.

Жашоо

Жараткан өмүр берди,
Жаркылдап жүргүн деди.
Жан дүйнөңдө тынчтык болсо,
Жабыкпай күлгүн деди.
Кудайым өмүр берди,
Кубантып көңүл берди.
Кадырлуу сыйың болсо,
Кулпунуп жүргүн деди.

Бул өмүр бизге белек,
Кайгы-муң кимге керек?
Сыноону жеңе билип,
Өкүнбөй ар күнүңдү,
Майрамдай жашоо керек.
Ишиңдин ийгилигин,
Тилеген тилегиңдин,
Жакшылыгын көрүп демек,
Жашоого бар да себеп.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×