Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Чүй облусуСокулук району 18.06.2019 17:25

Ороктогу жаңжалдан кийин уюштурулган футболдо милиционерлерге кой жетелеп келишти

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районундагы Орок айыл өкмөтүндө жаштарды биримдикке чакыруу максатында футбол мелдеши уюштурулду.

Айыл өкмөт башчысы Уран Чоодуевдин айтымында, аймактагы акыркы курч окуядан кийин айыл жаштарын биримдикке чакырууга ар түрдүү иш-чараларды уюштуруу керек.

«Жаштардын башын бириктирүү керек. Улут аралык ынтымакты, достукту чыңдоо үчүн мындай иш-чаралар байма-бай болуп туруусу шарт. Ошол себептен футбол мелдешин өткөрдүк. Мелдешке Орок айыл өкмөтүнүн Жал, Сарбан, Кашка-Баш, Орок, Селекция айылдарынан командалар келип, күч сынашты. Демөөрчүлөр командаларды топ жана форма менен камсыздап беришти. Үч орунга байге коюлду. Биринчи орунга 15000 сом, экинчиге 10000 сом, үчүнчүгө 5000 сом. Андан тышкары уюштуруучулар биздин милиция кызматкерлерине ыраазычылык катары бир кой алып келишти.

Эн негизгиси жаштарыбыз ынтымакка келишти. Элибизде тынчтык болсун», - деп билдирди ал.

Буга чейин 5-июнда Сокулук районунун Орок айылында Айт намаздан кийин мечиттин жанында мушташ чыгып, анын кесепетинен эки өспүрүм бала жабыркаган. Бул факт Жазык кодексиндеги 266-берене (бейбаштык) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Сокулук РИИБдин кызматкерлери тарабынан шектүү катары 23 жаштагы А.К. жана 15 жаштагы А.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Андан кийин айылда жаңжал чыгып, 32 адам кармалган. Кийинчерээк Ички иштер министрлиги кармалган адамдар камактан бошотулганын билдирген болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×