Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Чүй облусуКемин району 18.06.2019 15:31

Кичи-Кеминде муундар арасында өткөн футболдун жеңүүчүлөрү аныкталды

Turmush -  Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Кичи-Кемин айылында муундардын арасында кичи футбол боюнча «Ынтымак» мелдеши өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга уюштуруучулар билдирди.

Маалыматка караганда, мелдештин былтыркы катышуучулары айылдагы аз камсыз үй-бүлөлөргө 25 килограммдан ун таратып беришсе, быйылкы мелдештин катышуучулары мечиттин инфраструктурасын жакшыртууга жардам беришти.

Мелдеште 1968-жылы, 1969-жылы, 1970-жылы, 1971-жылы жана 1972-жылы төрөлгөн тургундар күч сынашып, жыйынтыгында 1-орунду 1968-жылы, 2-орунду 1969-жылы, 3-орунду 1971-жылы төрөлгөндөр жеңип алышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×