Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Чүй облусуПанфилов району 18.06.2019 10:42

Панфиловдо түн бир оокумда мушташкан балдардын абалы кандай?

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Чүй облусунун Панфилов районундагы Фрунзе айыл аймагына караштуу Чалдовар айылындагы эки мектептин бүтүрүүчүлөрү 15-июндан 16-июнга караган түнү массалык мушташ уюштурушкан. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл тургундары билдиришти.

Аталган маалыматты айыл өкмөт башчысы Мирлан Карымшаков тастыктап, мушташкан балдардын айрымдары мектептин быйылкы бүтүрүүчүлөрү экенин айтты.

«Чалдовар айылында 3 мектеп бар. Мушташкандардын арасында эки мектептин быйылкы бүтүрүүчүлөрү жана Бишкек шаарында кесиптик окуу жайларда окуп жаткан студенттер дагы бар экен. Азыр ооруканага түшкөндөрдүн абалдары жакшы. Түшүндүрүү иштери жүрүп жатат», - деди ал.

Чүй ОИИББдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Панфилов РИИБге 16-июнда түнкү саат 01:50 чамасында райондук аймактык ооруканага денесинен ар кандай жаракат алган өспүрүм балдар түшкөнү кабарланган. Бул факт боюнча ыкчам тергөө тобу чыгып, ооруканага түшкөн өспүрүмдөрдүн өздүгүн аныкташкан. Алар: 18 жаштагы К.А., 17 жаштагы А.Н., 17 жаштагы А.А., 18 жаштагы К.Н., 18 жаштагы А.С., баары тең Чалдовар айылынын жашоочулары болгон.

16-июнда болжол менен түнкү саат 24:30да жаш балдардын арасында кайым айтышуу болуп, андан кийин мушташ чыккан. Аталган окуя Жазык кодексинин 266-беренеси (бейбаштык) жана 138-беренеси (ден соолукка оор зыян келтирүү) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Бул мушташты уюштурууга шектелип, 19 жаштагы Т.Б. жана Б.Д. кармалды. Алар убактылуу кармоочу жайга жеткирилген. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×