Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Чүй облусуЧүй району 14.06.2019 13:11 На русском

Фанчэнган шаарынын делегациясы Токмокто болушту

Turmush -  13-июнда Кытайдын Гуанси-Чжуанск автономдук районундагы Фанчэнган шаарынан келген делегацияны Токмок шаарынын мэри Данияр Амангелдиев кабыл алды.

Меймандарды кабыл алууга шаардык кеңештин төрагасы Тилек Солтобаев жана Чүй райондук мамлекеттик администрация жетекчилери да катышты.

Ал эми Кытайдан келген делегацияны Кытай коммунисттик партиясынын Фанчэнган шаарындагы катчысы, Бүткүл кытайлык жыйынынын туруктуу комитетинин шаардагы директору Ли Яньцян баштап келди. Ал өзүнүн шаары жөнүндө презентация жасады. Өз учурунда Токмок шаарынын башчысы жана экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Фатима Малабаева Токмоктун географиялык, экономикалык жана инвестициялык жагымдуулугун айтып беришти.

Тараптар шаарлардын ортосундагы кызматташтык боюнча меморандумга кол коюшту. Андан соң жолугушуунун катышуучулары бири-бирине белектерди беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×