Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Чүй облусу, Кант 13.06.2019 13:16

«Кийимдерин төшөк кылып...»: Өспүрүмдөр эрки менен кумарын кандырганбы же кыз зордукталганбы?

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Кант шаарында 13 жаштагы кыз зордукталгандыгын аймактык кабарчыга өздүк булактар билдиришти.

Окуя ушул жылдын май айынын аяк ченинде болгон. Аталган кыз мектептеги акыркы сынактарын тапшырып, парктардын бирине сейилдөөгө барган. Ал жерден таанышына (14 жаштагы бала) жолугуп калган. Ал кызга кооз жерлерди көрсөтөм деп, парктан алысыраак жерге алып барып зордуктаган.

Бул маалыматты кыз билим алган мектептеги мугалимдер тастыкташты.

«27-май күнү саат 14:00дө класс жетекчиси WhatsApp'тагы тайпага "сынак бүттү, балдарыңар кетти" деп ата-энелерине жазган. Биздин мектеп парктын жанында жайгашкан. Кыз менен бала жетелешип алып кеткен экен. Канттын четине барып, жанакындай окуя болуптур. Экөө классташ.

Бала 5 бир тууган. Ата-энеси менен жашайт. Бизге 3-классынан келген. Батирде турушат. Ата-энеси дин жолунда жүргөн адамдар. Класста орто окуса да активдүү бала.

Кыз 4 бир тууган. Жоош, көп сүйлөбөйт. Дос кыздары да аз. Оюндагысын айта албайт. Мугалимдерге жазуу түрүндө ойлорун айтат. Сабактарын «3» жана «4» деген баага окуйт. 5-классында башка мектептен келген», - деди мугалимдер.

Ал эми мектептин окуучуларынын айтымында, экөө тең орозо кармашкан.

«Биз сынактан кийин лимонад ичип, алар орозобуз деп ичишкен эмес. Милицияга кыздын жеңеси билдирген. Бизге жеткен маалымат боюнча, экөө кийимдерин чечип, төшөк кылып жатышкан экен. Негизи кыз каршылык көрсөтпөптүр. Экөө сүйлөшүп эле бул ишке барышканы айтылууда. Бала «Биздин сезимибизди ата-энелерибиз түшүнбөй койду. Жакшы калгыла» деген сыяктуу катты таштап, үйүнөн чыгып кетиптир. Кыздын ата-энеси тоодо чабан экен. Кыз жеңесинин колунда окуп жаткан», - деди алар.

Чүй ОИИББдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, ушул жылдын 27-майында Ысык-Ата РИИБге 50 жаштагы А.М. аттуу аял кайрылып, 13 жаштагы жээнин 14 жаштагы бала физикалык күч колдонуп зордуктагандыгын билдирген.

Аталган факт Жазык кодексинин 161-беренеси (зордуктоо) менен Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүштүк иштерди тергөө башталган.

Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында жашы жете элек А.Ж.нын кыз белгиси бузулганы аныкталган.

«Жашы жете элек А.Ж.нын денесине жана кийимдерине кароо жүргүзгөн маалда күч колдонуунун белгилери табылган эмес жана кийимдери толук, бүтүн болгон», - деп билдиришти милициядан.

3-июнда Ысык-Ата РИИБге 42 жаштагы А.Г. кайрылып, 2-июнда болжол менен саат 06:30да 14 жаштагы уулу А.А. (шектүү) үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра кайрылып келбегендигин жана кат таштап кеткендигин билдирген. Аталган факт дайынсыз жоголуу боюнча Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Учурда аталган баланы издөө иштери жүрүп жатат. Бул окуя Чүй ОИИББдин көзөмөлүнө алынды.

Акыркы чечим экспертизанын жыйынтыгынан кийин чыгат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×