Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Чүй облусуСокулук району 08.06.2019 11:56 На русском

Сокулуктун акими Асылбек Сатывалдиевдин өмүр баяны

Асылбек Сатывалдиев
Асылбек Сатывалдиев

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук райондук мамлекеттик администрация башчысы болуп Сатывалдиев Асылбек Владимирович дайындалды. Тиешелүү буйрукка кечээ, 7-июнь күнү премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Асылбек Сатывалдиев 1981-жылы 27-сентябрда Сокулук районунун Сокулук айылында төрөлгөн. 2003-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин айыл чарбасын башкаруу адистиги боюнча билим алып чыккан.

Класстык чен, аскердик наамы — муниципалдык кызматтын 2-классындагы инспектору, мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.

Эмгек жолу:

- 2003-2006-жылдары Сокулук райондук аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккɵ укуктарды каттоо башкармалыгында аймактык жерге жайгаштыруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси жана паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмүнүн башкы адиси болуп иштеген;

- 2006-2009-жылдары Бишкек шаарынын мэриясынын Турак жай жарандык курулуш департаментинде жетектөөчү адис;

- 2010-2014-жылдары өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында агрардык өнөр жай комплекси бөлүмүнүн башкы жетектөөчү адиси;

- 2014-жылдан баштап өкмөттүн агрардык өнөр жай комплекси бөлүмүндө иштеген.

Алган сыйлыктары:

Чүй облусунун мамлекеттик администрациясынын ардак баракчасы менен сыйланган. «Айыл чарбанын мыктысы, «Каттоо кызматынын мыктысы» төш белгилеринин ээси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×