Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Чүй облусуЖайыл району 27.05.2019 17:04 На русском

Айыл турмушу: 24 жаштагы Айсулуу 3 жылдан бери акушер болуп эмгектенип жатат

Turmush -  24 жаштагы Рысбек кызы Айсулуу 3 жылдан бери төрөт бөлүмүндө иштеп келет. Ал бул кесипти кичинекей кезинен эле тандап алганын айтат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Рысбек кызы Айсулуу 1995-жылы Жайыл районунун Суусамыр айыл аймагындагы Кызыл-Ой айылында төрөлгөн.

«Мен Суусамырдын Кызыл-Ой айылында төрөлгөм. Ал жакта Түркмөн атындагы орто мектепте билим алып, активдүү окуучулардан болчумун. Орто мектепти бүткөн соң Кара-Балта шаарындагы Пирогов атындагы окуу жайдын акушер бөлүмүндө окудум. 3 жылдан бери Бишкектеги №4 төрөт бөлүмүндө эмгектенип жатам.

Бул кесип мен бала кезден бери кыялданган кесип десем болот. Себеби, кичинекей кезимде эле мамалак оюнчуктарга ийне сайып ойночумун. Ар бир кесип ардактуу демекчи, өз кесибимди абдан жакшы көрүп баалайм. Менин кесибим менен иштөө бир четинен кызыктуу болсо, бир четинен көп кыйынчылыктар болот. Себеби, ар бир кош бойлуу аялдын жана баласынын өмүрүнө жооп беребиз. Адамдан эле адамды чыгарууну элестетип көрсөк абдан оор. Төрөт учурунда аман-эсен төрөсө экен деп сарсанаа болобуз. Аман-эсен көз жарган соң абдан сүйүнөбүз», - деди ал.

Рысбек кызы Айсулуу: «Ошону менен бирге кызыктуу, күлкүлүү окуялар да көп болот. Бир жолу бир эже кош бойлуу кезинде УЗИге барса баланын көтөн чучугу жок дешкен экен. Кайсы УЗИге барбасын баары ошентип айтышыптыр. Мына ошол эжени аман-эсен төрөттүм. Бирок бала жакшынакай эле төрөлдү. Ата-энеси сүйүнгөнүнөн ыйлашып, мага ыраазы болуп, ыраазычылыгын айтышкан эле.

Ар бир эне кош бойлуу учурунда өзүнө жакшы кам көрүүсү зарыл. Ошондой эле кош бойлуу кезинде көп ойлонбой, витаминдүү азыктарды жеп турушу керек. Азыркы учурда дээрлик 70% аялзатынын каны аз. Төрөт учурунда кансырашы мүмкүн. Ошондуктан кош бойлуу кезинде кан көбөйтүүчү витаминдерди ичип, эне өзүнө жакшы кам көрсө дени сак бала төрөлөт», - деди.

Рысбек кызы Айсулуу 4 бир туугандын эң улуусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×