Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Ош облусу, Ош 23.05.2019 11:21 На русском

Ошто жол тандабастар менен эс алган бүтүрүүчүлөр: Мектеп директору кызматынан алынды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ош шаарында мектеп окуучулары жол тандабастар менен эс алууга чыкканы үчүн Курманжан датка орто мектебинин директору иштен алынды. Бул тууралуу маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.

Ушул жылдын 11-майында Ош шаарынын Жапалак кичи районундагы Курманжан датка орто мектебинин 11-классынын бүтүрүүчүлөрү Сулайман-Тоого жол тандабастар менен барышкан. Аларды Ош шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери кармашкан. Автоунаалар Ош шаардык ЖКККБнын убактылуу унаа токтотуучу жайына киргизилди. Ал эми бүтүрүүчүлөргө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ата-энелерине өткөрүп беришкен.

Милиция кызматкерлери Курманжан датка орто мектебинин директорун жоопко тартуу боюнча Ош шаардык билим берүү бөлүмүнө кайрылышкан. Алардын кайрылуусунун негизинде директордун жоопкерчилиги каралып, ал жумуштан алынган.

Аталган маалыматты Ош шаардык билим берүү бөлүмүнөн да тастыкташты. Бөлүмдүн маалыматына караганда, Курманжан датка мектебинин директору Каныкей Эргешова 16-май күнү өзү жазган арыздын негизинде жумушунан кеткен.

Билим берүү жана илим министрлигинин жаңы күчүнө кирген буйругуна ылайык, мектеп бүтүрүүчүлөрүнө өз ара акча чогултууга, бүтүрүү кечесин кафе-ресторандарда уюштурууга тыюу салынган.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×