Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Чүй облусуПанфилов району 20.05.2019 17:24 Жаңыланды: 22.06.2019 15:41 На русском

Айыл турмушу: М.Жамурзаев Чүйдөгү 16 гектарга жаңгак менен бадам өстүрүүгө киришти

Turmush -  Чүй облусунун Панфилов районундагы Кайыңды айылынын 47 жаштагы тургуну, жеке ишкер Маратбек Жамурзаев багбанчылык менен эмгектенет. Ал Чорголу айылынын этегиндеги жайык талаанын 16 гектар жерине жаңгактын великан сортунун жана бадамдардын көчөттөрүн отургузууга киришти. Анын багбанчылык иштери менен аймактык кабарчы таанышты.

Белгилүү болгондой, 16 гектар жерге жаңгак жана бадамдарды отургузуу үчүн алгачкы аракеттер жүргүзүлүүдө. Болжол менен учурда миң түптөн ашуун жаңгак көчөттөрү даярдалган. Ал эми бадам көчөттөрү да жетилип турат. Алар алгач өзү жашаган үйдүн чарбагында өстүрүлүп, жетилген көчөттөр улам тоо бооруна тигилет. Ошондой эле сугаруу үчүн жаз алды менен арыктар да даярдалган. Великан сортундагы жаңгак 200 кг салмакка чейин түшүм берет.

«Багбанчылык өнөрдүн сырларын жаштайымдан бери жакшы билем. Өзүм түштүк жергесиндеги Жалал-Абадда төрөлүп, айтылуу Арсланбап жаңгак токоюн нечен ирет аралагам. Балалыктан башталган багбанчы болуу тилегиме жетип турганыма толкунданам. Кесибим журналист. Жаратылышты сүйөм, анын койнуна бөлөнүп жашагым келет. Акыркы жылдары жаңгак токоюн өздөштүрүүнү чечтим. Ошондон улам Панфиловдогу Чорголу айылынын төмөн жагынан 16 гектар жер алдым. Мына, великан сортундагы жаңгактарды жана бадам жаңгагын отургузам. Бул жаңгак кадимки эле кыргыз, орустар айткандай грек жаңгагы. Тагыраак айтканда, уругу Польшадан келген великан сортундагы жаңгак. Ал 5 жылдан кийин түшүм бере баштайт. Жетилгенде ар бир түптөн 150-200 кг жаңгак алууга болот. Өзгөчөлүгү кабыгы жука, даны толук болот. Чагып жегенге жана сатууга өтө ыңгайлуу. Ал эми бадам жаңгагынын бийиктиги 6-10 метрге чейин жетип, түшүмдүүлүгү жогору болот. Биз бул жаңгактарды жеп келебиз. Бирок пайдалуу жактарын да айта жүрүү абзел.

Жаңгак токойлору эң оболу жер кыртышын сактайт. Калктуу аймактарга жер көчкү коркунучун жаратпайт. Ошол аймакты көрккө бөлөп, адамдардын табиятка болгон таттуу мамилесин жогорулатат. Ал эми адам баласынын өмүрү, ден соолугу үчүн миң түркүн дарылык касиетке ээ. Эң башкысы — тамак сиңирүү системасын активдештирип, табитти ачат. Бадамда 13 грамм белок болсо, жаңгакта 9 грамм гана болот. Демек, организм үчүн белоктун мааниси баарыбызга белгилүү. Ошондой эле баш мээнин иштешине бөтөнчө салым кошот.

Албетте, мындай маалыматтарды келинчегим Салтанат экөөбүз талкуулайбыз. Анын кесиби дарыгер. Көп жаңылыктарды айтат. Багбанчылыкты өнүктүрүүгө жардамдашат. Уул-кыздарым: Самат, Алтынай, Канат да биздин оюбузду толукташат. Кантсе да Самат менен Алтынай жогорку окуу жайлардын алдыңкы студенттери эмеспи. Канат мектеп окуучусу болгондон улам ойлорубузду анализдеп, таразалап келет.

Бир мезгилде эмгектин акыбети кайтып, учурда бош жаткан жер көркүнө чыгып, мөмөсү төгүлгөн саябандуу салкын төргө айланарында шек жок», - дейт жеке ишкер Маратбек Жамурзаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×