Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Нарын облусуАт-Башы району 15.05.2019 16:00 На русском

Мастардын уюгуна түшкөн Ж.Качкынбаева бир жигитти 20 жылдан бери унута албай келет

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Ача-Кайыңды айылынын фельдшери Жаңылбүбү Качкынбаева 34 жылдан медицина тармагында иштеп келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Алина Качкынбаева Ат-Башы районуна караштуу Казыбек айылында 1964-жылы 1-январда төрөлгөн. Мектепти, андан кийин Фрунзе шаарындагы медициналык окуу жайды аяктаган. Ушул шаардагы №3 балдар ооруканасында 3 жыл иштегенден кийин Ача-Кайыңды айылына келин болуп келген. 1985-жылдан тарта айылдык ФАПта иштеп баштаган.

Жолдошу фельдшерди «квартирант, түн катаар» деп тамашалап калат.

«Мурда эски имаратта иштечүбүз, азыр кудайга шүгүр жаңы ФАПта иштеп жатабыз. Пенсия жашындамын, айлыгыбыз жакшы, баарына жетет. Бул жакта мен үй-бүлөлүк медайыммын. Азыркы учурда ар бирибизге 1100 адамдан бөлүнгөн, алардын ден соолугун карайбыз. Бул жакта дарыгерлердин көрсөтмөсү менен дарылайбыз, эмдөө жүргүзөбүз. Ат-Башы районунда башка аймакка салыштырмалуу элдин санын арбын. Кош бойлуулар да көп. Айына жок дегенде 5-6 келин каттоого алынат. Айыл тургундары “силер эле билесиңер, көрүп койгулачы” деп келишет. Түн болсо да, күн болсо да үйүнө барабыз. Менин жолдошум "түн катаар" деп тамашалап калат. Анткени түнкү чакырууга көп барам. "Квартирант" деп да айтат», - деди ал.

Жаңылбүбү Качкынбаева жумуштагы бир окуясын эч качан унутпайт.

«Мен бул жакка өтө эле жаш кезимде келип иштеп калдым. Бир жолу түн ичинде бирөөлөр үйдүн эшигин каккылап калышты. Жүрөгүм курч экен. Өзүм жалгыз эле кете берчүмүн. "Бир бала кан кусуп жатат, жардам бериңиз" деп келишиптир. Барсам, көп бала арак ичип отурушуптур. Бирөөсү дагара кучактап алып кусуп жатыптыр. Көрсө ал бала кызылча салат жептир. Ошону кусуп жаткан экен. Түнкү саат 02:00дө чакырышкан. Убара болуп кеттим. Бул окуяга 20 жылдай болуп калды. Ошондо аябай ыйлагым келген. Ал жигитти эч качан унуткус болдум», - деди ал.

«Мага Алина деген ысым беришкен экен. Бирок атам туулгандыгым жөнүндө күбөлүгүмдү аларда атымды унутуп калып, Жаңылбүбү деп жаздырып коюптур. Азыр баары Алина дешет», - деп жылмайды фельдшер.

Ал бош убактысында кагаздан гүл жасап сатат. 5 баласы, 3 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×