Turmush — Чүй облусунун Аламүдүн районунда футбол боюнча «Ынтымак» турнири болуп өттү. Ага аталган райондогу 6 айыл аймактын тургундары катышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райондук мамлекеттик администрациядан билдиришти.
Турнир Сырымбеков Эмил, Асаналиев Таалай, Жумалиев Эдил, Ырыс уулу Медер жана Асанкулов Бекболсун, Чакибаев Эмил, Адашпасов Нурзаман, Бакыт Бейшеналиев аттуу жигиттердин жана айыл жаштарынын уюштуруусу менен өттү. Мелдешке Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Алтынбек Намазалиев да катышып, өз каалоо-тилектерин билдирди.
Мелдеште жалпы 20 команда күч сынашып, 1-орунду «Кара-Жыгач» командасы, 2-орунду «Арашан-1» командасы, 3-орунду «Байтик» командасы жана 4-орунду «Арашан-2» командасы жеңип алышты.
«Ынтымак» турнири жыл сайын өткөрүлүп турат.