Бөлүмдөр
Ишемби, 4-апрель

Аламүдүндө айыл аймактар арасында футбол боюнча турнир уюштурулду

Turmush -  Чүй облусунун Аламүдүн районунда футбол боюнча «Ынтымак» турнири болуп өттү. Ага аталган райондогу 6 айыл аймактын тургундары катышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райондук мамлекеттик администрациядан билдиришти.

Турнир Сырымбеков Эмил, Асаналиев Таалай, Жумалиев Эдил, Ырыс уулу Медер жана Асанкулов Бекболсун, Чакибаев Эмил, Адашпасов Нурзаман, Бакыт Бейшеналиев аттуу жигиттердин жана айыл жаштарынын уюштуруусу менен өттү. Мелдешке Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Алтынбек Намазалиев да катышып, өз каалоо-тилектерин билдирди.

Мелдеште жалпы 20 команда күч сынашып, 1-орунду «Кара-Жыгач» командасы, 2-орунду «Арашан-1» командасы, 3-орунду «Байтик» командасы жана 4-орунду «Арашан-2» командасы жеңип алышты.

«Ынтымак» турнири жыл сайын өткөрүлүп турат.

АКИpress'тин кыргыз тилиндеги маалыматтарынын толук архиви (коомдук-саясий жаңылыктар, маданият, кылмыш жана кырсыктар, спорт, ошондой эле аймактардагы маалыматтар)

бир жаңылык200 сомСатып алуу
бир жыл3500 сомкатталуу?
Бул тариф жеке тараптарга гана тиешелүү. Эгерде материалдарга корпоративдик негизде каттала турган болсоңуз (уюмдар, мамлекеттик мекемелер, ведомстволор жана башка) бизге байланышсаңыз болот. Электрондук дарек: info@akipress.org
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×