Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Чүй облусуЫсык-Ата району 13.05.2019 13:45 На русском

Улуу Жеңишке 74 жыл: Ысык-Атада ардагерлерге акчалай сыйлык тапшырылды

Turmush -  Ысык-Атада Улуу Жеңиш майрамын утурлай согуштун ардагерлерине Чүй облустук, райондук мамлекеттик администрацияларынын, Кант шаарынын мэриясынын, айыл өкмөттөрдүн белектери тапшырылды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Ысык-Ата районунда согуштун 3 ардагери жана 2 эмгек ардагери бар. Алар — Кант шаарынын тургундары Иван Котов, Фелкс Луттау, Кызыл-Суу айылынын тургуну Михаил Иванов, Кочкорбай айылынын тургуну Ибрагим Султанов жана Юрьевка айылынын тургуну Зоя Замковая.

Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Байыш Курманов облустан келген өкүлдөр, Кант шаарынын мэри Э.Абдрахманов, Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Керимкулов, Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы К.Коджакматов менен бирге Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин үйлөрүнө барып куттуктап, белектерин жана майрамга карата бөлүнгөн акча каражаттарын тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×