Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Чүй облусуЧүй району 13.05.2019 13:28

Улуу Жеңишке 74 жыл: Чүй районундагы жалгыз ардагерге 100 000 сом акчалай сыйлык тапшырылды

Turmush -  Чүй облусунун Чүй районундагы согуштун жалгыз ардагерине демөөрчү тарабынан 100 миң сом акчалай сыйлык тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Сыйлык 9-май — Улуу Жеңиш күнүндө берилди.

Ак-Бешим айыл аймагынын Жаңы-Жол айылында жашаган ардагер Токтобек Ниязалиев быйыл 93 жашка толду. Ардактуу ардагерге райондон чыккан демөөрчү 100 миң сом акчалай сыйлык берсе, Чүй облустук мамадминистрациядан, Чүй райондук мамлекеттик администрациядан, социалдык фонддон, аскер комиссариатынан, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан дагы акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×