Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Чүй облусуКемин району 13.05.2019 13:10 На русском

Орловкада 5 млн сомго оңдолгон мончо пайдаланууга берилди

Turmush -  Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Орловка шаарында 1960-жылы курулуп, бирок 1990-жылы иштебей калган муниципалдык мончо кайрадан ишке берилди.

Аталган шаардын мэри Бактыбек Чанчаровдун айтымында, мончону кайра калыбына келтирип, керектүү жабдыктар менен камсыздоо үчүн жергиликтүү бюджеттен 1 млн сом жана Кемин райондук өнүктүрүү фондунан 4 млн сом акча каражаты бөлүнгөн.

«Бардык тургундарга эшик ачык. Бул социалдык долбоор. Тургундар 100 сомго эртеден кечке түшсө болот, убакыт чектелбейт. Негизи бул мончо мектептин жанында жайгашкан. Өспүрүмдөр ушул бош имараттын тегерегинде жүрүп, ичин акыр-чикирге толтуруп салышкан экен.

Унаа токтоочу жай да бар. Кир жуучу машиналарды да койдук. Каалоочулар кир жууп кетишсе болот. 15 кг салмакка чейинки кийимдерди бир жууса болот.

1960-жылы курулган бул мончо 1990-жылы союз тарагандан баштап эле ишин токтоткон. Эми капиталдык оңдоодон өтүп, бардык шарттары менен ишке бердик», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×