Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Чүй облусуЫсык-Ата району 12.05.2019 21:29 На русском

Ысык-Атанын тургуну дайынсыз болгон аялы менен кызын издеп жатат (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Новопакровка айылынын тургуну Александр аялы менен кичинекей кызын 25 күндөн бери издеп жатат.

Александр аймактык кабарчыга билдиргендей, ал бул боюнча укук коргоо органдарына кайрылган.

«Аялым Татьяна Безуглова 1991-жылы туулган. Экөөбүз 7 жыл чогуу жашап, бирок акыркы 5-6 айдан бери чогуу жашабай калганбыз. Ортобуздагы 2013-жылы туулган жалгыз кызым Арина Белякова менин колумда болчу. Аялым менин жумушта экенимен пайдаланып, үйгө келип, кийимдерди алып, кызымды жетелеп кетиптир. Телефонун дароо өчүргөн экен. Ошондон бери байланыш жок болуп, дайынсыз болууда.

Ал буга чейин кызыма келчү эмес. Бир эле жолу келип, жарым саат эле отуруп кеткен. Көбүнчө телефондон гана сүйлөшчү. Чогуу жашап жүргөндө аялым эч жерде иштечү эмес. Азыр каякта экенин билей жатам. Ал башка өлкөгө чыгып кетиши мүмкүн эмес. Анткени документи жок. Ал эми кызымдын документтери менде.

Бул боюнча 1-майда милиция кызматына кайрылып, жардам сурагам», - деди ал.

Александрдын жубайы менен кызын көргөндөр 0700 68 38 02 номуру аркылуу байланышса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×