Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Чүй облусуСокулук району 11.05.2019 14:25

Айына 1,8 млн сом чогулткан мектеп: Министр жаңы директорду тааныштырды

Turmush -  Сокулук районундагы Новопавловка айыл аймагында жайгашкан Ч.Айтматов атындагы №1 инновациялык окуу-лицейине жаңы директор келди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, жаңы директорду бүгүн, 11-майда билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева мектептин эмгек жамаатына тааныштырып кетти.

«Биздин директор азыр ооруканада. Аны убактылуу кызматтан четтеп, анын ордунда директордун орун басары иштеп жаткан. Бүгүн демалыш күнгө карабай, министр Гүлмира Кудайбердиева келип, жаңы директор Элнура Музаеваны жамаатка тааныштырып кетти. Ал №78 мектептин директору экен», - деп билдиришти мектептен.

Буга чейин аталган мектепте окуучулардан ай сайын 500 сомдон талап кылган мектеп жетекчилигине нааразы болгон ата-энелер жыйналыш өткөрүшкөн. Чогулушка айылдык кеңештин депутаттары, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү да катышкан.

«Мындай акчаны берүү оор болуп, взносту 50 сомго түшүрүп берүүнү суранып жатабыз. Тилекке каршы аталган маселе чечилбей жатат. Бул мектепте 4500 окуучу окуса анын ичинен 1000 окуучу фондго акча берүү милдетинен бошотулган. Ошондо ар бир окуучудан 500 сомдон чогултканда бир айда 1 миллион 750 миң сом акча чогулат экен. Жылына 17 миллион сом болот. Бул акчалар кайда кетип жатканынан кабарыбыз жок. Мындай акчага жада калса 5 жылдын ичинде заңгыраган мектеп салса болот да», - деген ата-энелердин бири Чынара Апиева.

Кийинчерээк Ч.Айтматов атындагы №1 инновациялык окуу-лицейинин директору Диляра Абдуллаева мектептеги акча чогултуу боюнча тергөө иштерине байланыштуу убактылуу кызматынан бошотулган.



Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×