Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Чүй облусуЧүй району 10.05.2019 15:43

Улуу жеңишке 74 жыл: Чүй облусунда 41 гана ардагер калды

Turmush -  Чүй облусунда бир жылда 67 согуш ардагеринин арасы суюлуп, 41 гана ардагер калган. Бул тууралуу Чүй мамадминистрциясынан билдиришти.

«Бүгүнкү күндө облуста 41 согуштун ардагери жашайт, анын ичинен 29 согуштун катышуучулары, 12 согуштун майыптары. Согуштун ардагерлерине бир жолку материалдык жардам көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн резервдик фондунан 410 000 сом акча каражаты бөлүнгөн. Мындан тышкары, ардагерлерге райондук мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан материалдык жардам көрсөтүлдү», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×