Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Чүй облусуСокулук району 10.05.2019 15:27

Улуу жеңишке 74 жыл: Сокулуктагы 4 ардагерге президенттин сыйлыгы тапшырылды

Turmush -  9-майда Чүй облусунун Сокулук районунда Улуу жеңиш майрамына карата уюштурулган салтанат «Өлбөс полк» жүрүшү менен башталды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Иш-чарага согуштун ардагери Хамов Григорий Иванович, район жетекчиси Таалайбек Корголдоев, өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Элкинбек Ашыралиев, Сокулук райондук аскер комиссары, полковник Кубанычбек Жамгырчыев, Сокулук райондук аксакалдар кеңешинин төрагасы Турсунбек Мансуров баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мекеме-ишкана жетекчилери катышты. Согушта курман болгон аталар эскерилип, асманга ок атылып, гимн жаңырды.

Былтыркы Улуу жеңиш майрамына Сокулук району боюнча 6 ардагер катышкан болсо, быйыл алардын арасы суюлуп, төртөө гана катышты. Аларга президенттин, облустук, райондук администрациялардын жана айыл өкмөттөрдүн атынан акчалай сыйлыктар менен азык-түлүктөр берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×