Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Чүй облусуЧүй району 10.05.2019 13:36

Улуу Жеңишке 74 жыл: Чүйдүн Онбир-Жылга айыл өкмөтүндөгү жөө жүрүш. Сүрөт

Turmush -  Чүй районуна караштуу Онбир-Жылга айыл өкмөтүндө Улуу Жеңиштин 74 жылдыгына карата жергиликтүү тургундар жөө жүрүшкө чыгышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жөө жүрүшкө айыл өкмөт башчысы Ильичбек Сыдыков баш болгон айыл өкмөттүн кызматкерлери, мугалимдер, жергиликтүү тургундар жана мектеп окуучулары катышкан. Жалпысынан 400дөй адам бир чакырымдай жөө жүрүш жасашып, андан соң окуучулар тарабынан даярдалган концерттик программага күбө болушту.

Онбир-Жылга айыл өкмөтү СССР учурунда «Прогресс колхозу» деп аталып, анын аймагынан 358 киши Улуу Ата Мекендик согушка аттанган. Алардын ичинен 167 ардагер ар кандай жаракаттарды алса, 191 жоокер мекенине кайтып келген эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×