Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Чүй облусу, Кара-Балта 10.05.2019 12:09 На русском

Кара-Балтадагы мектептин аймагынан аял кишинин асынып турган денеси табылды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Бүгүн, 10-майда Кара-Балта шаарындагы орто мектептин арткы короосунда аял кишинин асынып турган денеси табылды.

Алдын ала маалыматтарга караганда, «Кыргызстандын 40 жылдыгы» кварталында саат 11:00 чамасында иттерин сейилдетип жүргөн жергиликтүү тургундар карыган аялдын жип менен бакка асынып турган денесин табышкан. Аял кишинин жанынан баштыктар жана чөнтөк телефон табылган. Каза болгон аялдын туруктуу жашаган жери жок экени болжолдонууда.

847c850cb8530f620e8f1966f8b2a245

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×