Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Чүй облусуЧүй району 10.05.2019 10:36

Кыргызстанда алгачкы жолу батат картошкасы отургузулду. Ал кант диабетине миңдин бири

Turmush -  8-майда Чүй аймагындагы кореялыктардын агро борборунда батат таттуу картошкасын отургузуу жана өстүрүү боюнча окутуу болуп өттү.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинен билдиришкендей, алгачкы сыноо Чүй аймагындагы Бишкек—Торугарт унаа жолунун боюнда өткөрүлдү.

«Түштүк Кореядан алынып келген картошканын батат сортун кантип тигүү жана өстүрүү керектигин кореялыктар жер-жерлерден келген дыйкандарга көргөзүп беришти. Батат таттуу картошкасынын узундугу 30 сантиметрге жетсе, кабыгы жука келет экен. Бирок өтө катуу суукка чыдамы жок экенин айтышты.

Кара-Суу районуна, Кызыл-Кыя шаарына, Ысык-Көл жана Талас облустарына, Токмок шаарына 100 чарчы метр жерге отургузулат. Ушул жерлерден дыйкандар келишти», - деп айтылат маалыматта.

Иш-чарага Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы Өсүмдүктөрдү экспертизалоо департаментинин директору Таалайбек Айдаралиев жана аталган департаменттин адистери катышты. Т.Айдаралиевдин айтымында, нымдуулукту жактырган батат картошкасы Кыргызстанга быйыл биринчи жолу сыноо катарында эгилип жатат.

«Батат — чырмооктор түркүмүнө кирет. Бул жерге жайылып чыга турган калың сабактуу өсүмдүк. Анын тамыры чоңоюп отуруп, тоголоктошот. Бататтын курамы белок, крахмал жана башка көптөгөн азыктарга бай. Андан тышкары А витамин камтуучу өсүмдүктөрдүн алдыңкы орунунда турат. Картошканын бул сорту кант диабети менен жабыр тарткандарга миңдин бири», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×