Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Чүй облусуМосква району 10.05.2019 10:10

Москва районунда Улуу Жеңиштин 74 жылдыгы кандай белгиленди?

Turmush -  9-майда Чүй облусунун Москва районунда Улуу Жеңиштин 74 жылдыгы белгиленди.

Аймактык кабарчы билдиргендей, Жеңиш күнүнө арналган салтанат райондун борбордук аянтында өттү. Ага эмгектин ардагерлери, айыл аксакалдары, жергиликтүү тургундар, райондук ички иштер бөлүмүнүн, аскер комиссариатынын, окуу-тарбиялоо мекемелеринин, маданият үйүнүн кызматкери жана башкалар катышты. Алгач райондун акими Ө.Ногоев сөз сүйлөп, жалпы тургундарды Улуу Жеңиштин 74 жылдык майрамы менен куттуктады.

Ошондой эле «Өлбөс полк» жүрүшү өткөрүлүп, жергиликтүүлөр өз ата-апаларынын сүрөттөрүн көтөрүп чыгышты. Мындан сырткары куралдуу күчтөрдүн, спорт чеберлеринин даярдыктары көрсөтүлдү. Борбордук эс алуу жайындагы жоокерлердин эстелигине гүлчамбарлар коюлуп, согушта курман болгондордун арбагына багышталып куран окулду. Эстеликке гүл коюу аземинде райондун аскер комиссары, подполковник Ж.Бузурманкулов жана ардагерлер сөз сүйлөшүп, мектеп окуучулары мекен жөнүндөгү ырларды көркөм окушту. Салтанаттын соңунда райондук маданият үйү тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×