Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Чүй облусу, Кант 09.05.2019 16:27

Кант шаарында Улуу Жеңиштин 74 жылдыгы белгиленди

Turmush -  Ысык-Ата районунун Кант шаарында 9-май — Улуу Жеңиштин 74 жылдыгына арналган иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, «Өлбөс полк» жүрүшүнө аким Байыш Курманов баштаган чиновниктер, жергиликтүү тургундар болуп, жалпы 3 миңге жакын адам катышты. Согушта курман болгон жоокерлердин эстелигине гүлчамбарлар коюлуп, ардагерлер үчүн атайын орнотулган чатырда дасторкон жайылып, аскердик ботко берилди. Ардагерлер дасторкон үстүндө согуш учурундагы окуяларды эскерип отурушту.

Иш-чарада Чолпонбай Түлөбердиевдин эрдиги сахналаштырылып көрсөтүлүп, концерттик программа тартууланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×