Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Чүй облусу, Токмок 09.05.2019 13:41

Токмокто Жеңиш майрамына карата «Өлбөс полк» парады уюштурулду

Turmush -  Бүгүн, 9-майда Токмок шаарында Улуу Жеңиш майрамына карата «Өлбөс полк» парады уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чарага шаар жетекчилери, тургундар, ар кыл тармактын кызматкерлери, мектеп окуучулары катышты. Алар Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлердин эстелигине гүлчамбар коюшту. 3 ирет залп атылды жана курман болгон жоокерлердин арбагына багышталып куран окулду. Андан соң майрамдык салтанат уланып, «Скорпиондун» атайын даярдыктагы жоокерлери өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×