Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Чүй облусу, Токмок 09.05.2019 00:21 На русском

Токмокто Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондор эскерилди (сүрөт)

Turmush -  Улуу Ата Мекендик согуштун аяктаганына 74 жыл толгондугуна байланыштуу Токмок шаарында согуш майданында курман болгондорду эскерүү максатында митинг-реквием өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарага Токмок шаарынын мэри Данияр Амангелдиев, шаардык кеңештин төрагасы Тилек Солтобаев, Токмок шаардык аскер комиссариатынын жетекчиси Канатбек Шамыров, ошондой эле аскер жана медицина кызматкерлери, шаардык түзүмдөрдүн, коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана мектеп окуучулары катышты. Митинг-реквиемдин соңунда майрамдык дасторкон жайылып, конок катары чакырылган тылда эмгектенген ардагер Ажихай Ахмедовго калаа башчысы 10 миң сом акча каражатын жана азык-түлүк тапшырды. Ошондой эле иш-чарага катыша албай калган эмгек ардагерлерине акчалай сыйлыктар жана азык-түлүктөр жеткирилип берилди.

Токмок шаары боюнча Улуу Ата Мекендик согуштун бир гана ардагери калды. Ал Николай Акимович Жданов.

Улуу Ата Мекендик согуш маалында Токмок шаарында төрт эвакуациялык госпиталь болгон. 1941-жылдан 1943-жылга чейин ал госпиталдарда согушта жаракат алган аскерлер дарыланган. Аскердик-медициналык музейдин маалыматына караганда, ошол госпиталда дарыланып жаткан 20 жоокердин сөөгү шаардагы атайын даярдалган мүрзөгө коюлган (Братская могила).

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×