Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Чүй облусу, Токмок 08.05.2019 14:52

Токмокко жаңы техникалар алынды

Turmush -  Бүгүн, 8-майда Токмок шаарындагы Коммуналдык ишканалардын комбинаты менен «Токмок сууканал» ишканасынын кызматкерлерине жаңы унаалардын ачкычтары тапшырылды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, Коммуналдык ишканалардын комбинатына 5 техника берилди. Алардын үчөө таштанды жыйноочу унаа болсо, экөө трактор. Бул унааларды алуу үчүн шаар бюджетинен атайын каражат бөлүнгөн. Ал эми «Токмок сууканал» ишканасына тапшырылган он унаа Европалык өнүктүрүү жана кайра калыбына келтирүү банкынын колдоосу менен алынган. Алар дагы жыл бою шаарды тазалоого, көрктөндүрүүгө жардам берет.

Ачкычтарды тапшыруу иш-чарасына Токмок шаарынын мэри Данияр Амангельдиев катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×