Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Чүй облусу, Кара-Балта 08.05.2019 13:49 На русском

Өспүрүмдөр орозого даярдануу үчүн канча саат тамак ичишпейт? Имам Н.Өмүралиевдин жообу

Turmush -  Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын уламалар кеӊешинин чечими менен өлкөдө 6-майдан тартып ыйык Рамазан айы башталды. Ал 30 күнгө чейин созулат.

Орозо кармоо — мусулмандардын беш парзынын бири болуп саналат. Күн чыккандан күн батканга чейин орозо кармагандар оозуна наар албайт, суу ичпейт. Жайыл районунун имамы Нурдан Өмүралиев аймактык кабарчага ыйык Рамазан айы тууралуу айтып берди.

Ооз багымдат намазына беш мүнөт калганда бекитилет. Кечинде күн батканда, шам намазынын алдында ачылат. Рамазан айында мусулмандар жаман адаттарынан арылууга жана таза ой менен жашоого аракет кылышат.

«Бул ай тазалануунун, кечиримдүүлүктүн жана жарашуунун айы. Рамазан учурунда бизге жаратуучудан жакшылык түшөт. Башка айларга караганда бул айда бардык тилектерибиз кабыл болуп, жакшы иштердин саны көбөйөт. Орозонун башталышы айдын чыгышына жараша аныкталат. Ошондо башка өлкөлөрдө бир күндөн айырма болот. Бизде 6-майдан тартып башталды. Орозону диета үчүн эмес, жараткан үчүн кармаш керек. Орозо маалында бир гана тамак-ашка гана чектөө киргизилбейт. Тил, көз жана кулактын дагы орозосу бар. Тилдин орозосунда жаман сөздөрдү, ушактарды сүйлөө жана бирөөнү тарынтууга же мазактоого тыюу салынат. Мындан тышкары бирөөнүн жаман сөзүн жана мазактоосун укпай койгон дурус», - деди имам-хатиб Нурдан Өмүралиев.

Имамдын айтымында, орозо — бул ишенимди сыноо. Ал адамды сабырдуулукка үйрөтөт. Рамазандын максаты — физикалык жактан гана эмес, руханий жактан дагы тазалануу болуп саналат. Имам-хатибдин маалыматына караганда, акыркы учурларда жаштардын көпчүлүгү орозо кармоо чечимин кабыл алышууда. Белгилей кетсек, орозодон кичинекей балдар, кош бойлуулар жана бала эмизген энелер, жолоочулар, ооругандар бошотулат.

«13-14 жаштагы балдар орозо кармай алышат. Кичинекей балдарга сөзсүз орозо кармаш керек деп сунуштабайм. Себеби, аларга ырайым кылынган. Мисалы, балдар түшкө чейин тамактан баш тарса болот. Ушундай көрүнүш менен аларды чыныгы орозого даярдаса болот. Ал эми ооруган адамдар айыккандан кийин ооз бекитсе болот», - деди ал.

Ыйык Рамазан айы аяктап бара жатканда Орозо айты белгиленет. Ал күндү Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы бекитет. Муфтий алдын ала айга карап, майрамдын күнүн бекитет.

Нурдан Омуралиев, имам

«Орозо айт — исламдагы негизги майрамдардын бири болуп саналат. Бул майрамга бир нече күн калганда үйдү тазалаш керек. Ошондой эле өзүбүздү жана балдарыбызды дагы жуунтуп, таза, тыкан кийинишибиз керек. Бардыгы майрамдык маанайда болушу зарыл. Майрамдын алдында көзү өткөндөр эскерилип, алардын арбагына багышталып куран окулат. Колдон келген тамак-аш жасалып, кошуналарга, тууган-уруктарга берилет.

Рамазан айында битир-садага берилиши керек. Бул битир-садаганы айт намазына чейин берүү зарыл. Көпчүлүк адамдар жолоочуларга жана жардамга муктаждарга беришет. Башкача айтканда Рамазан ырайымдуу болууга үйрөтөт. Битир-садаганы эң негизгиси чын жүрөктөн жана жакшы каалоо-тилектер менен берүү зарыл. Орозо айтка майрамдык дасторкон даярдоо керек. Дасторкондо таттуулар, эттен жасалган тамак, жер-жемиш жана башка тамак-аш коюлат. Буларды элдин баарына, ошондой эле башка диндеги адамдарга дагы берүү абзел. Дасторконго спирттик ичимдиктерди коюуга тыюу салынат. Үй-бүлөлүк мамилелерди бекемдөө үчүн туугандар бир-биринин үйлөрүнө барып, зыярат кылуусу дагы манилүү», - деп кошумчалады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×