Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Чүй облусу, Токмок 08.05.2019 13:19

«Баламдын жүрөгү согуп-сокпой»: 40 жаштагы А.Жамашова оор абалда төрөтканага түшкөн

Turmush -  Чүй облусунун Кемин районунун тургуну Айжан Жамашова 5 баланын энеси. Кичүү уулун жакында эле 40 жашында төрөдү. Жолдошу экөө 7 жылдан бери уул күтүп жүрүшкөн. Өзүнүн айтымында, анын бул жолку төрөтү жеңил болгон эмес.

«Ооба, мен Токмок шаардык аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүнө абдан оор абалда түштүм. Чоң-Кеминдин Кайыңды айылынан баргам. Ошол күнү ичим катуу ооруп, кан кете баштаганда Кемин шаарына жөнөтүшкөн. Бирок мен Токмок шаардык аймактык оорукананын төрөт бөлүмү жакшы карайт деп угуп, ушул жерге кайрылууну туура көрдүм. Балам ичимде туурасынан жатып калган экен. Дароо эле ультра үндүү текшерүүдөн өткөрүштү. Баламдын жүрөгү да согуп-сокпой, баарыбыздын жүрөгүбүздү түшүрдү. Ошентип, дарыгерлердин күчү, кудайымдын колдоосу менен аман-эсен көз жарып алдым. Эгер убагында татыктуу медициналык жардам көрсөтүлбөгөндө эмне болмок?

Менин көзүмө ажал көрүнүп, абалым оор болуп турганда сактап калышты. Ошондуктан дарыгерлерге кандай ыраазычылык билдирсем да аздык кылат. Баргандан баштап абдан жакшы карашты. Бардыгы өз иштерин мыкты билишет экен. Кыргызстанымда ушундай дарыгерлер көп болсо дейт элем. Өзгөчө бөлүм башчысы Добрыднев Андрей Юрьевичке, дарыгерлер Прудиус Лариса Владимировна, Кенжебаева Мээрим Туратбековна, Айгерим Нурбековна, неонатолог Лира Жумалиевага, улук акушер Асанова Тынара Баталовнага, акушерлер Мээркан, Гүлнар, Фарида, Саламат, Мира, Жылдыз, Рахат жана башкаларга өзгөчө алкыш айткым келет», - деди ал.

Айжан Жамашова 1979-жылы 25-сентябрда Чоң-Кемин айыл аймагынын Кароол-Дөбө айылында төрөлгөн.

«4 кызым бар, кичүүсү уул болду. Улуу кызым 21 жашта, ал азыр турмуш жолуна аттанган. Бул уулумду 7 жылдан кийин төрөдүм. Ал 3 кг салмакта төрөлдү. Азыр абалыбыз абдан жакшы», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×