Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Чүй облусуЧүй району 07.05.2019 23:51

Чүйдө былтыр 9 жаш бала сууга чөккөн, - ӨКМ

Turmush -  ӨКМ Чүй облусунда сууга түшүү эрежелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Аталган түзүмдүн маалыматына караганда, 2018-жылы сууга чөгүү боюнча 38 факт катталган. Алардын ичинен 23 адам эркек, алтоо аял жана тогузу жаш балдар болгон.

«Чүй облусунун аймагындагы суу объектилерине инвентаризация жүргүзүлгөн. Инвентаризациянын жыйынтыгында Чүй облусунун аймагында 399 суу объектиси аныкталып, анын ичинен 22 объекти сууга түшүүгө ыңгайлаштырылганы белгилүү болгон. Учурда ӨКМдин райондук бөлүмдөрү тарабынан сууда түшүүдө коопсуздукту сактоо боюнча айыл аймактарга, шаар мэрлерине, суу объектилеринин кожоюндарына сууга түшүүгө ыңгайлаштырылбаган объектилерине сууга түшүүгө тыюу салууну эскерткен такталарды орнотуу, тегерегин тосуу боюнча тапшырмалар коюлууда.

Азыркы тапта калктуу конуштарга жакын жайгашкан бардык суу объектилерине тыюу салуучу такталарды орнотуу иш-чараларын жүргүзүү пландалууда. Ошондой эле суу объектилеринде коопсуздукту сактоо, ар кандай кырсыктарды алдын алуу боюнча жергиликтүү калк менен чогулуштар өткөрүлүп, жергиликтүү массалык маалымат каражаттары аркылуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бүгүнкү күндө ӨКМдин Чүйдөгү кызматкерлери тарабынан суу объектилерине жакын жашаган жергиликтүү элдерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×