Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Чүй облусуЧүй району 07.05.2019 17:20

Улуу жеңишке 74 жыл: Чүй районунда эстелик курулду

Turmush -  Бүгүн, 7-майда Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Кегети айыл өкмөтүнүн Совет айылында Улуу жеңишке арналган эстеликтин ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Эстеликти орнотуу иштери ардагерлер кеңешинин төрагасы Э.Усубалиевдин демилгеси менен 1-апрелден тарта башталган. Ошондой эле Совет айылынын борборунан 0,15 га жер тилкеси бөлүнгөн.

«Аскер техникасы орнотулуп, 84 ардагердин ысымы жазылды», - деди Э.Усубалиев.

Чүй районундагы жалгыз ардагер — Токирбек Ниязалиев. Ал 1926-жылы төрөлгөн. Учурда Ак-Бешим айыл аймагына караштуу Жаңы-Жол айылында жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×