Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Чүй облусу, Токмок 07.05.2019 11:33 На русском

Токмокто Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондор эскерилди

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарындагы тарыхый музейде Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскерүү кечеси өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Аталган иш-чараны Токмок шаардык мэриясы менен Кызыл жарым ай коому уюштурган. Ага Токмок техникалык институтунун студенттери Кызыл жарым ай коомунун ыктыярчылары катышты. Эскерүү кечесинде согуш мезгилиндеги ырлар аткарылып, пенсионерлердин хору жаңырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×