Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Чүй облусуЧүй району 07.05.2019 08:27 На русском

Чүйдө табылган Х кылымга таандык кумаранын ичиндеги сууну Ж.Сексенбаев ичип көрдү: Суунун муздактыгын сураба. Сүрөт

Turmush -  Чүй районуна караштуу Бурана айылынын 59 жаштагы тургуну Жолдош Сексенбаев 2018-жылы өз короосунан Х кылымдагы Карахандар дооруна таандык делген 9 даана кумара таап алган. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы аталган окуянын чоо-жайын тактады.

Өзүнүн айтымында, кумаралардын биринде муздак жана тунук суу болгон. 9 кумаранын ичинен үчөөнү музейге өткөрүп берген.

«Негизи биздин бул аймакта мындай эски буюм-тайымдар көп табылат. Анткени ушул туштарда Баласагын шаары жайгашкан. Мен деле бул кумараларды кокусунан таап алдым. Былтыр ушул жер тилкеме сарымсак эккенбиз. Анан балдарымды ээрчитип алып, сарымсакты караганы келгенибизде бир жери чөгүп калгансып, бир башкача абалда болуп калыптыр. Үстүнөн тебелеп өткөн деле эч нерсе билинбейт. Анткени кыска чөптөр уйпаланбай, кадимкисиндей эле өсүп жатыптыр. Жер алдында бир нерсе бар деген ой келди. Анан балдарым болуп казып баштадык. 1,5 метр казгандан кийин чоң кумаралардын башы көрүндү. Дагы 2 метрден кийин толук казып, чыгарып алдык. Таштан тегерек капкактар жасалып, аябай бекем жабылыптыр. Анан да кумаралардын кырларынан жазууларды да байкай алдык. Табылган кумаралардын үчөөнү музейге өткөрүп бердим. Калгандарын болсо туугандарыма белек кылып, эстеликке таратып койдум. Өзүмдө азыр экөө эле калды», - деди ал.

Ал мындан тышкары кумаралардын бирөөсүнө куюлган сууну ичип көргөндүгүн кошумчалады.

«Эң кызыгы ушунда болуп жатпайбы. Негизи сураштырсам ушундай таза кумарада сакталган суу эч убакта бузулуп кетпейт экен. Х кылымга таандык кумаралардын биринде толтура куюлган суу бар экен. Атайын эле суу куюп коюшкан экен. Болбосо жаандан же дагы бир башка жол менен суу агып кирип калбайт эле. Эч бир жеринде жылчык жок экен. Ошентип ал кумаранын оозундагы таш капкакты араң ачтык. Эч нерседен коркпой, сууну ичип көрдүм. Суунун тим эле муздактыгын сураба. Ал эми тунуктугунда кеп жок. Бирок даамы бир аз башкача сыяктанды», - деди ал.

Жолдош Сексенбаев айыл чарба менен алектенет. 3 уул, 2 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×