Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Чүй облусуСокулук району 06.05.2019 20:12 На русском

Сокулукта бир күндө эле 12 мас айдоочу кармалды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Чүйдөгү Сокулук районунун аймагында 4-5-май күндөрү айдоочуларга карата рейд өттү. Чүй ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, мындай текшерүүлөр облустун аймагындагы унаа жолдордо профилактикалык иштерди жүргүзүү максатын көздөйт.

Райондо бир күн ичинде эле 12 мас айдоочу кармалып, дагы бир айдоочу унааны тиешелүү документтери жок башкарып жүргөнү белгилүү болгон. Ошондой эле жолдо жүрүү эрежелерин бузган, жол чыракка баш ийбеген айдоочулар да болду. Ар бир айдоочуга тиешелүү чаралар колдонулуп, жалпысынан 13 унаа айып короого токтотулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×