Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Чүй облусуАламүдүн району 06.05.2019 21:35

Айыл турмушу: 2-курстун студенти Асылкан апа ак чачтары кантип карарганын айтып берди

Turmush -  Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Пригород айылынын 65 жаштагы тургуну Асылкан Шербекова диний билимин жогорулатып, Расул Акрам ислам институтунун 2-курсунда окуп жатат.

Өзүнүн айтымында, ак баскан чачы намаз окугандан кийин өзүнөн-өзү кара чачка айланган.

«1994-жылы Чүйгө келип, 2011-жылы «Кыз куран» медресесине кирдим. 2 айда араб тамгаларын жаттап, Куранды окуп калдым. Ошол убакта бизге устатыбыз пайгамбарыбыздын китебин окуп жатып, бир кызык окуяны айтып берди. Анда сахабалар жүдөгөн, чачтары уйпаланып, бети-башына бырыш түшкөн адамды алып келишкен экен. Пайгамбарыбыз «бул кишини жуунтуп, тарантып, куран окутуп алып келгиле» дептир. Сахабалар пайгамбардын айткандарын жасап алып келишиптир. Ошондо баягы кишинин бетиндеги бырыштар жазылып, жакшынакай жигит болуп келген экен. Бул Аллахымдын керемети болгон. Мен да ал устатыма «чачтарым куудай ак эле. 2 ай намаз окугандан кийин чачтарым өзүнөн-өзү капкара болуп кетти. Бетимдеги бырыштар жазылып, көзүмдүн көрүүсү да оңолду» деп айтсам, ушундай болушу мүмкүн экенин айтты. Көзүм дагы анча жакшы көрчү эмес. Китепти эптеп окучумун. Азыр көз айнексиз эле жакшы окуйм. Курандагы ар бир тамга, ар бир сүрөө чачтын кара болушуна таасир берди деп ойлойм», - деди ал.

Асылкан Шербекова 1954-жылы Аксы районунун Кош-Дөбө айылында төрөлгөн.

«Аталган айылдагы Горький мектебинде окуп, аны 1972-жылы бүтүргөм. 2013-жылы кудайым насип кылып ажыга бардым. Андан соң Ислам университетинин 3 жылдык курсунда билим алдым. Учурда Расул Акрам ислам институтунда 2-курста билим алып жатам. Молдо Сабыр устатыбыз жакшы баяндарды айтып, сабактарды өтүп жатат. Азыр орозо кармап баштадык», - деди ал.

Асылкан апанын 3 кыз, 3 уулу бар.

«Уул-келиндерим, неберелерим дагы илим алып, намаз окушат. Аллахым тилектерибизге жеткирсин. Мартта умрага барып келдим. Кудайым буюрса 25-майда кайрадан умрага сапарга балдарым жөнөтүп жатышат. Аллахым насип кылса ажыга жөнөйм.

Кыргыз элиме кудайым жакшылыктарды берсин. Бизге ушул жерди берди. Биз аны кийинки муунга жакшынакай өткөрүп беришибиз керек. Ар бир адамдын максаты бар. Биз дагы балдарга сабак берип, аларды илимдүү болууга чакырсак деп Аллахтан тилек кылам», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×