Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Чүй облусуАламүдүн району 06.05.2019 16:44

Кыргызстандын жаратылышы: Альпинисттердин тобу 1-майда гана чыга турчу Комсомол чокусу

Turmush -  Жыл сайын 1-май күнү Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу «Ала-Арча» жаратылыш паркындагы Комсомол чокусунда массалык түрдө альпиниада уюштурулат. Альпиниада 1936-жылдан бери өткөрүлүп келет. Комсомол чокусу тууралуу аймактык кабарчыга изилдөөчү Гүлбара Оморова айтып берди.

Комсомол чокусуна баруучу маршруттук жол

- Комсомол чокусу деңиз деңгээлинен 4204 метр бийик жана чыгууга эң жеңил чокулардын катарына кирет. Тактап айтканда, классификациялоодо 1А деп белгиленген. Ала-Арча конок үйүнөн чокуга чейинки аралык 8-9 км жетет. Ошондуктан орто темп менен 4-5 саатта чокуга көтөрүлүүгө болот. Бара турган маршрут оңой. Орто жолдо 3400-3500 метр бийиктикте «Фиолетовый» ашуусу жайгашкан. Ушул жерден же болбосо чокуга аз калганда белден кээ бир адамдар тоо оорусу менен оорушу мүмкүн. Себеби, мындай бийиктикке биринчи чыгып жатса же физикалык жактан даярдыгы жок болсо чыгууга тоскоолдук жаратат.

Эмне үчүн чокунун аты Комсомол?

- Чоку союз учурунда да белгилүү болуп, ар кайсы бурчтардан альпинисттер келип, массалык түрдө чыгышчу экен. Ошол убактагы жаштардын коммунисттик союзунун урматына Комсомол чокусу деп аталган бойдон өзгөргөн жок. Биздин коңшу Казакстанда дагы Комсомол деген чоку болгон. Бирок 1998-жылдан баштап Нурсултан чокусу деп аталып калган. Ал чокуда да жыл сайын альпиниада уюштурулат. Мен 2 жолу Нурсултан чокусуна барып, альпиниадага катышып келгем.

1936-жылдан бери уюштурулат

- Эмне үчүн 1-май күнү бул чокуга чыгабыз? Анткени 1-май — Эмгекчилердин майрамы. Мурун ушул майрамга карата чыгып, кийин салтка айланып калган. Иш-чара 1936-жылдан бери өткөрүлөт. Жыл сайын 300дөй адам чокуга чыгышат. Алардын көбү альпинизм менен алектенгендер, тоо сүйүүчүлөрү.

Ар жылы ар кандай аба ырайы болот

- Жаңылбасам Комсомол чокусуна альпиниаданын алкагында 7 жолу чыккам. Ар кайсы жылы аба ырайы ар кандай болот. Кээде жаан, кар жаап, бороон болот. Же тескерисинче күн ысып, ачуу тийген учурлар болгон. Ошого карабастан катышуучулар чокуга жеткенге аракет кылышат. Бул жылы күн жылуу болуп, шамал болгон жок, бирок кар көп болду.

Чокуга жеткендерге «Кыргызстан альпинисти» төш белгиси ыйгарылат

- Чокудан айлана-чөйрө аябай кооз көрүнөт. Булуттарга жакындап, керемет сезимдерди пайда кылат. Кызыктуу адамдар менен таанышып, көңүлүңүз ачылып, кайра төмөн түшөсүз.

Уюштуруучулардын бири чокуга чатыр тигип алып, жеткендерди тизмеге каттайт. Белгиленген убакытка чейин чокуга чыгып, тизмеге катталган ар бир тоо сүйүүчүгө Кыргызстан альпинизм федерациясынан «Кыргызстан альпинисти» төш белгиси ыйгарылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×