Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Чүй облусуСокулук району 06.05.2019 13:28 На русском

Сокулукта кайненесинин курсагына бычак сайган шектүү — 33 жаштагы күйөө бала кармалды

Иллюстративное фото
Иллюстративное фото

Turmush -  Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери кайненесин бычак менен жарадар кылган жигитти колго түшүрүштү. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, ушул жылдын 22-апрелинде болжол менен саат 10:00дө Сокулук РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Бишкек шаарындагы ооруканалардын бирине жандандыруу бөлүмгө бычактан жаракат алган Чүй облусунун тургуну түшкөндүгү кабарланган.

Окуя болгон жерге Сокулук РИИБдин ыкчам-тергөө тобу барган. Жабырлануучуга медициналык жардам көрсөтүлүп, шашылыш операция жасоо зарыл болгондуктан аны менен сүйлөшүүгө мүмкүн болгон эмес. Милиция кызматкерлери жабырлануучунун өздүгүн тактап, ал Сокулук районунун Ново-Павловка айылынын 54 жаштагы тургуну Р.Б. экендигин аныкташкан.

Аталган факт «Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалымат системасына катталып, окуяны иликтөө боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилген. Андан соң, жабырлануучу эсине келгенден кийин ал тергөө органдары тарабынан суралган. Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган кылмышты аялдын күйөө баласы жасагандыгы маалым болгон. 22-апрелде таң эрте күйөө баласы эч себепсиз аялдын курсак тарабына бычак сайган. Андан кийин жабырлануучу ооруканага жеткирилген.

Сокулук РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери кылмышка шектүү делген 33 жаштагы К.У.ну кармашкан.

Учурда окуянын бардык жагдайлары иликтенип жатат. Тиешелүү экспертизалар даярдалды. Материалдар боюнча сотко чейинки өндүрүштүк иштер уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×