Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Чүй облусу, Токмок 06.05.2019 09:37

Токмокто балдар үйүнөн тарбияланып чыккандар үчүн борбор ачылды

Turmush -  4-майда Чүй облусунун Токмок шаарында балдар үйүнөн тарбияланып чыгып, өз алдынча жолго түшкөн улан-кыздарды колдоо борбору ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Ализа Солтонбекованын айтымында, Кыргызстанда жылына 15-17 жаштагы 400-500 улан-кыздар балдар үйүнөн тарбияланып чыгышат.

«Аларга андан ары дагы жөлөк болуп, колдоо керек. Көбүнүн баш калкалаган жайы жок. Өз алдынча жашоого көнүп кете албай, кыйын кырдаалга туш болушууда.

Аталган борбор жеке демөөрчүлөр тарабынан шаардын борборундагы турак үйдүн биринде ачылды. Ал жерде оңдоо-түзөө иштери аткарылып, ичине керектүү эмеректер коюлду. Борбордо уктоочу бөлмөлөр, зал, ашкана, жуунучу жайы бар. Балдар менен социалдык кызматкерлер, психологдор, мугалимдер, Кызыл жарым ай коомунун ыктыярчылары тыгыз иш алып барышат», - деди ал.

Аталган борбор 15 өспүрүмгө ылайыкталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×