Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Чүй облусу, Кара-Балта 03.05.2019 18:32

Айыл турмушу: Мушкер Адылбек жакында эле Кыргызстандын атактуу спортчуларын жеңип алды

Turmush -  Кара-балталык Талайбек уулу Адылбек бокс боюнча Кыргыз Республикасынын универсиадасынын жогорку лигасына катышып, 1-орунду ээледи, деп билдирди аймактык кабарчы. Турнир ушул жылдын апрель айында Бишкек шаарында болгон.

Ага 91 кг салмак категориясында 10 спортчу катышкан. Алардын арасында Талайбек уулу Адылбек да бар. Ал биринчи беттешин нокаут (мөөнөтүнөн мурда), экинчисин нокдаун менен жеңген. Анын атаандаштары атактуу спортчулар — Кыргызстандын чемпиондору болушкан.

Талайбек уулу Адылбектин айтымында, универсиадага 3-жолу катышып жатат. Бокс менен 15 жылдан бери машыгып келет. Буга чейин каратэ, таэквондо, дзюдо, сууда сүзүү, гимнастика менен машыгып, бирок спорттун бокс түрүнө токтогон. Ал бокс — чыныгы эркектин спорту жана курч мүнөздү калыптандырат деп эсептейт.

«Биринчи турнирде эле алдыңкы орунду алгам. Анда мен машыктыруучу Асылбек Сагынбаевдин алдында эки ай гана машыккам. Андан кийин бокс менен машыгууга максат жана умтулуу пайда болду. Спорттун бул түрү менен чоң ийгиликке жетүү чечимин кабыл алдым. Акырындык менен турнирлерге катыша баштадым. Жаштар арасындагы Кыргыз Республикасынын чемпионаттарына катышып, спартакиаданы жеңип алдым. Өткөн жылы оор салмактагы эркектердин арасында мен экинчи болдум. Ош шаарындагы Арзиев атындагы эл аралык турнирде 2-орунду алдым. Бул жылы алдыга бир гана биринчи орундарды алуу максатын койдум. Мына, максаттарыма жетип жатам», - деди ал.

Спортчу бокс боюнча Кыргызстандын курамасына кирген, спорт чеберине талапкер. Бул жылы спорт чебери наамын коргоону пландаштырып жатат. Машыктыруучу Данияр Жусубалиевдин жетекчилиги жана өз алдынча «Манас» спорт комплексинин машыктыруучусу Руслан Байсариевдин астында машыгууда.

«Спорт — жашоом. Дени сак жашап, балдарды тарбиялап келем. Аларга туура жолду тандоо үчүн спорт жана рухий жактан жардам берем. Кыскасы, колумдан келишинче коомго жардам берип жатам. Спорттогу менин максатым — Олимпиадалык оюндарга катышуу», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×