Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Чүй облусуКемин району 03.05.2019 12:26 На русском

Кеминде «Сары-Өзөн чолпондору» фестивалынын жеңүүчүлөрү сыйланышты

Turmush -  Чүй облусунун Кемин районунда Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында «Сары-Өзөн чолпондору» фестиваль-сынагы болуп өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Сынакта ырдоо, бийлөө, музыкалык аспаптарда ойноо жана башка тапшырмалар боюнча жаш таланттар өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Сынакка райондогу бардык мектептердеги таланттуулар катышты.

Жыйынтыгында «Сары-Өзөн чолпондору» фестиваль-сынагынын жеңүүчүлөрү деп төмөнкү мектептер табылды:

- 1-орун Жалил Садыков атындагы Кемин №1 орто мектеби;

- 2-орун А.Казакбаев атындагы Чым-Коргон орто мектеби;

- 2-орун Б.Юнусалиев атындагы Кичи-Кемин орто мектеби;

- 2-орун Балдар жана өспүрүмдөр борбору;

- 3-орун М.Өмүралиев атындагы Кызыл-Суу орто мектеби.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×