Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Чүй облусу, Кара-Балта 02.05.2019 17:55 На русском

Кара-Балтада тургундар мүрзөдө оттогон малдын ээлерине нааразы

Turmush -  Кара-Балта шаарында жергиликтүү эл христиандардын мүрзөсүнө малын жайышууда. Тургундардын айтымында, мүрзөгө жакын жашагандардын жайыттан келген малы мүрзөнүн жанынан оттоп, жайытын улантышат.

«Мүрзөнүн аймагында оттоп жүргөн мал-жандыктарды малчы көзөмөлгө албайт. Унаа өтсө малчы ал жердегилердин баарын айдайт. Бирок бир аз убакыттан кийин кайра эле баягы көрүнүш», - деди тургундар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×