Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Чүй облусуЖайыл району 02.05.2019 17:23 На русском

Чүйдө балыкчылар «узун тумшуктуу желмогузду» кармап алышты

Turmush -  Жайыл районунда балыкчылар илгерки «желмогузду» кармап алышты. «Калинин» район аралык мергенчилер жана балыкчылар коомунун улук мергенчиси Сергей Гаршиндин айтымында, мындан көп жыл мурун көлмөлөрдүн ижарачыларынын бири осётр балыгынын тукумун көбөйтүү үчүн Жайыл районундагы жасалма көлмөлөрдүн бирине веслонос (мекире балыктардын бир тукуму), осётр балыгын жана тикендүү мекрени коё берген. Бирок, тилекке каршы жасалма көлмөдө авария болуп, анын ичиндеги балыктар суу менен чогуу сыртка чыккан.

«Жакында эле балыкчылар Жайыл районунда веслонос кармап алып, анын түрүнөн аябай коркушкан. Андан кийин ал балыкты «Калинин» район аралык мергенчилер жана балыкчылар коомуна алып келишти. Дагы ушундай эле веслонос балыгын башка балыкчылар да кармап алышты. Анын көлөмү биринчи кармалган балыктан эки эсе чоң экен. Бирок аны аман алып калууга мүмкүн болгон жок», - деди ал.

Мекире балыктары — дүйнөдөгү эң байыркы балыктардын түрү. Венолос балыгынын мурду узун болгондуктан венолос деп аталып калган. Мурду менен көлдүн түбүндөгү органикалык массаны (тунма) бузуп, ар кандай жаныбарларды издейт. Бул балыктын мекени — Түндүк Америка.

Жаралган жылы узундугу 38 сантиметрге чейин жетиши мүмкүн. Ал эми эки жашка чыкканда 69 см, 3-жылы 82 см, 7 жашында 101 см, 13-14 жашта 127 сантиметр болот. Бул балыктар 55 жылга чейин жашайт.

Адистер венолос балыгы Чүйдүн аймагында жашай алышпайт дешет. Себеби суу сактагычтардагы суу жаз-жай мезгилдеринде айыл чарба жерлерине берилет. Андай учурда, тактап айтканда суу аз көлмөлөрдө мындай балыктар турбайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×