Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Чүй облусуЖайыл району 02.05.2019 08:20 На русском

Суусамырдын алыскы Кожомкул айылында Эмгекчилер күнү белгиленди

Turmush -  1-май — Бүткүл дүйнөлүк эмгекчилер күнүнө карата Жайыл районунун Суусамыр өрөөнүндөгү Кожомкул айылында майрамдык иш-чара болуп өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, иш-чарада Сапарбек Мырзакматов атындагы орто мектебинин окуучулары «Биз таза айыл үчүн» ураанынын алдында жөө жүрүшкө чыгышты. Андан тышкары айыл ичиндеги таштандылар тазаланып, өрттөлдү. Бул иш-чараны мектептин география мугалими Назгүл Молдокеева уюштурган.

«1-май майрамына арналып мектеп ичинде экология жумалыгы жүрүп жатат. Биз ошонун алкагында балдардын патриоттук сезимин ойготуу жана айылдын тазалыгы үчүн ушундай иш-чараны уюштурууну туура көрдүк. Биз мектепте окуп жүргөндө, союз учурунда майрам аябай чоң салтанат менен өткөрүлчү. Учурда кызыл күн болуп жарыяланганы менен унутта калып баратат. Биз жылда ушул иш-чараны өткөрүүнү салтка айландырабыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×