Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Чүй облусуСокулук району 01.05.2019 14:44 На русском

Айына 1,8 млн сом чогулткан мектеп миңдик акчаларга татыктуубу? Фоторепортаж

Turmush -  Чүй облусуна караштуу Сокулук районундагы Новопавловка айыл аймагында жайгашкан Ч.Айтматов атындагы №1 инновациялык окуу-тарбиялоо комплекс-лицейинде айрым ата-энелер менен мектеп жетекчилигинин бири-бирине болгон нааразы пикирлери коомчулуктун талкуусуна жем таштады. Алардын талаш-тартыш маселесин Turmush басылмасы жарыялап келүүдө. Бул жолу аймактык кабарчы айына 1,8 млн сом чогултат деп айтылган мектептин абалы менен таанышты.

Аталган окуу жайдын тарыхы 1937-жылдан башталат. Мектеп негизинен табигый илимий жана физика-математикалык багытта билим берет. 1700 орунга ылайыкталып курулган мектепте учурда 4526 окуучу билим алып жатат. Мында бир гана Новопавловка айылынын балдары окубастан, Бишкек шаарына караштуу Алтын-Ордо, Ак-Өргө, Тынчтык, Ала-Тоо жана башка конуштарынан келген окуучулар да билим алышат.

Мектеп-лицейди 2001-жылдан бери Диляра Абдуллаева жетектеп келет. 2002-жылы мектеп-лицей статусуна ээ болгон жана 2009-жылы мектепке Ч.Айтматовдун ысымы ыйгарылган. 2010-жылдын март айында Эне мектеби аттуу мектепке чейинки билим берүү бөлүмү ишке кирген. Ушул эле жылдын август айында мектеп гуманитардык-эстетикалык багыттагы Ч.Айтматов атындагы окуу-тарбиялоо комплекс-лицей статусун алган. 2014-жылы табигый-илимий жана физика-математикалык багыттагы Ч.Айтматов атындагы инновациялык мектеп статусуна жетишсе, 2018-жылы инновациялык окуу-тарбия комплекс-лицей болуп аталып калды.

Мектепке төмөнкүдөй бөлүмдөр кирет:

- Эне мектеби мектепке чейинки билим берүү бөлүмү. Бул жакта 210 бала тарбияланат.

- Балдар жана өспүрүмдөр чыгармачылык борборуна төмөнкүдөй ийримдер кирет: хореография, фольклордук оркестр жана комуз ансамбли, театралдык студия, хор, вокал жана башка.

- Спорт бөлүмүнүн ийримдери: волейбол, тогуз коргоол, ордо, грек-рим күрөшү, самбо жана башка.

Мектептин ашканасында башталгыч класстын 2200 окуучусу тамактанышат. Мектепте проектору менен 5 даана доска, экраны менен төрт проектор, 60га жакын компьютер жана 3 ноутбук бар.

Буга чейин аталган мектепте окуучулардан ай сайын 500 сомдон талап кылган мектеп жетекчилигине нааразы ата-энелер жыйналыш өткөрүшкөн. Чогулушка айылдык кеңештин депутаттары, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү да катышкан.

«Мындай акчаны берүү оор болуп, взносту 50 сомго түшүрүп берүүнү суранып жатабыз. Тилекке каршы аталган маселе чечилбей жатат. Бул мектепте 4500 окуучу окуса анын ичинен 1000 окуучу фондго акча берүү милдетинен бошотулган. Ошондо ар бир окуучудан 500 сомдон чогултканда бир айда 1 миллион 750 миң сом акча чогулат экен. Жылына 17 миллион сом болот. Бул акчалар кайда кетип жатканынан кабарыбыз жок. Мындай акчага жада калса 5 жылдын ичинде заңгыраган мектеп салса болот да», - деди ата-энелердин бири Чынара Апиева.

Кийинчерээк Ч.Айтматов атындагы №1 инновациялык окуу-лицейинин директору Диляра Абдуллаева мектептеги акча чогултуу боюнча тергөө иштерине байланыштуу убактылуу кызматынан бошотулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×