Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Чүй облусуЫсык-Ата району 01.05.2019 09:17

Ысык-Атада диний көз караштан улам 400дөн ашык үй-бүлө эмдөөдөн баш тарткан

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ысык-ата районунда 400дөн ашуун үй-бүлө эмдөөдөн баш тарткан. Бул тууралуу Ысык-Ата районунда эмдөө жана медреселердин абалы боюнча өткөрүлгөн жыйында белгилүү болду, деп билдирди аймактык кабарчы.

Жыйынга Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациянын өкүлдөрү, эмдөө боюнча дарыгерлер жана имамдар катышкан. Акимдин орун басары Айша Орозбекованын айтымында, аталган райондо диний көз караштан улам 400дөн ашуун үй-бүлө эмдөөдөн баш тарткан.

«Имамдар муктаждык болсо дары-дармекти дарыгердин көрсөтмөсү менен колдонууга мүмкүн экенин, ден соолукка пайдасы тийсе шарият жол берээрин айтышты. Биз айыл өкмөт башчылары, имамдар, үй-бүлөлүк дарыгерлер менен биргеликте эмдөөдөн баш тарткан үй-бүлөлөрдүн тизмесин даярдап, алар менен тыгыз иштешүүнү көздөп жатабыз. Эмдөө боюнча адистер эпидемия, ар кандай оорулардын таасирлери жөнүндө кенен маалымат беришти», - деди А.Орозбекова.

Райондо 7 медресе, 87 мечит бар. Алардын ишмердүүлүгү боюнча 2018-жылдын сентябрь айында текшерүү иштери жүргүзүлгөн.

«Текшерүү иштеринин негизинде 7 медресенин экөөсү начар абалда деп табылган. Болгону 1 медресе талапка жооп берип, жогорку баага татыган. Калгандарына кемчиликтерди оңдоого убакыт берилген. Биз орозо бүткөндөн кийин кайра медреселерди кыдырабыз. Эгерде кемчиликтер жоюлбаса, аларды жабууга мажбур болобуз», - деди акимдин орун басары Айша Орозбекова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×