Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Чүй облусуЧүй району 30.04.2019 17:07 Жаңыланды: 22.05.2019 20:07

«Эгиздер»: Комузда кол ойноткон Элдос менен сүрөтчү Жандостун ийгилиги

Turmush -  Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Дөң-Арык айылынын 14 жаштагы тургундары — эгиздер Жандос Окушев менен Элдос Окушевди көбү бири-бирине окшоштурушпайт. Алардын бири комузда кол ойнотсо, экинчиси сүрөт тартып, келечекте архитектор болгусу келет. Аймактык кабарчыга эгиздердин бири Жандос менен кабарлашты.

«Апамдын айтымында, экөөбүз тең 2 килограмм салмакта төрөлүптүрбүз. Башка эгиздерден айырмабыз — биз окшош эмеспиз. Мен апама, Элдос атама окшош. Экөөбүздү туугандарыбыздын баары эле тааный алышат. Ал эми аттарыбызды алмаштырып айтып алгандар болот. Анан да экөөбүз окшош кийингенди жактырбайбыз. Апам болбой эле окшош кийинтип коет. Кичинебизде бирибиз оорусак, сөзсүз экинчибиз ооручубуз. Азыр болсо бирөөбүз кайгырсак, экинчибиз аны сезебиз», - деди ал.

Эгиздер 2005-жылы Чүй районуна караштуу Дөң-Арык айылында төрөлүшкөн.

«Атам Жаныбек Окушев дыйканчылык менен алектенсе, апам Аида Кудайбергенова үй кожейкеси. Экөөбүз Дөң-Арык айылындагы Калча орто мектебинин 8-кылассында окуйбуз. Экөөбүздүн эки башка жөндөм, таланттарыбыз бар. Мисалы, мен кутучалардан оюнчук автоунаа, роботторду жасап, ар кандай кароо-сынактарга катышып келем. Анан да сүрөт тартканды жакшы көрөм. Бош убакта сүрөт тартам жана кубик-рубик чогултам. Келечекте архитектор болгум келет.

Ал эми эгизим Элдос комуз чертип, дастан айтат. Ал Токмок шаарында өткөн таланттуулар таймашында 1-орунду жеңип, «Сары-Өзөн чолпондору» сынагында «Эң мыкты дастанчы» болгон», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×