Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Чүй облусуЫсык-Ата району 30.04.2019 15:12 На русском

Айыл турмушу: Ж.Усуповдун окуучулары Энелер күнүндө агайынын сүрөтүн тартып келип...

Жылдызбек Усупов
Жылдызбек Усупов
// Turmush

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Новопокровка айылынын 46 жаштагы тургуну Жылдызбек Усупов 16 жылдан бери билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенип келет. Ал «энеңердин сүрөтүн тартып келгиле» деген тапшырманы тескери аткарып келген окуучулардын окуясын унутпайт. Каарманыбыз менен аймактык кабарчы таанышты.

«Окуучулар менен иштешүү, аларга билим, тарбия берүү кызыктуу. Бир окуя эсимден кетпейт. Мектепте Энелер күнүнө карата класстар арасында сынак өткөн. Бир тапшырмасында эненин сүрөтүн болушунча сулуу кылып тартыш керек болчу. Бардык командалар эненин сүрөтүн болушунча сулуу кылып тартканга аракеттенишкен экен. Ал эми менин окуучуларым менин сүрөтүмдү тартышыптыр. Сүрөттө мен жана мени жетелеген окуучулар. Таң калып, «энеңердин сүрөтүн тартпайт белеңер?» десем, окуучуларым «сиз биздин 2-энебиз дагы, атабыз дагы болосуз» деп жооп беришкенде залдагылардын баары күлүшкөн. Кээде окуучуларым жолугуп калса ошону айтып күлүшөт», - деди ал.

Жылдызбек Усупов 1973-жылы 3-майда Нарын облусуна караштуу Нарын районунун Миң-Булак айылында төрөлгөн.

«Үй-бүлөдө 11 бир туугандын алтынчысымын. 1980-жылы Т.Байсалов атындагы орто мектепке 1-класска кирип, 1990-жылы окууну аяктагам. 1995-жылы Балыкчы шаарындагы Балыкчы менеджмент жана укук институтуна кабыл алынып, аны 2000-жылы ийгиликтүү бүтүрүп чыктым. 2003-жылы Нарын облустук мектеп-лицей интернатынын директорунун чарба иштери боюнча орун басары жумушуна кабыл алынып, 2006-жылга чейин эмгектендим. 2007-жылы Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Кыргыз билим берүү академиясынын педагогикалык кадрлардын билимин жогорулатуу боюнча тарых бөлүмүн окудум. 2007-жылы Новопокровка айылындагы Н.С.Баранов атындагы №2 мектеп-лицейинде тарых жана укук таануу боюнча окуучуларга билим бердим. 2016-жылдан тартып Ысык-Ата райондук билим берүү бөлүмүндө райондун усулчусу болуп бүгүнкү күнгө чейин эмгектенүүдөмүн.

Үзүрлүү эмгектин арты менен бир топ ардак баракча, сыйлыктарга татыдым. Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын ардак грамотасы менен, 2007-жылы райондук билим берүүнүн грамотасы, «Жыл мугалими» сынагынан 1-орун алгандыгым үчүн Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын диплому, окуучуларды райондук, облустук, республикалык олимпиадаларга даярдаганым үчүн сыйлык жана ар кандай коомдордон ардак баракчалар, ыраазычылык каттар менен сыйлангам», - деди ардактуу мугалим.

Ал үй-бүлөлүү 1 уул, 2 кыздын атасы.

«Келинчегим Сүйүн Исмайылбекова, кесиби энергетик. Азыркы учурда үй кожойкеси. Келечекке максаттарым көп. Жаш муунга татыктуу билим берип, мыкты инсандарды тарбиялап-өстүрсөм дейм. Бош убактымда китеп окуп, музыка угуп, чарбачылык менен алектенгенди жакшы көрөм», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×