Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Чүй облусуМосква району 29.04.2019 14:30 На русском

Москва районунда түн катып качкан 13 жаштагы кыздын окуясы. Экинчи сериясы

Turmush -  Чүй облусунун Москва районундагы Беловодск атайын жалпы билим берүүчү (көмөкчү) жатак мектебинен түн катып качкан 13 жаштагы кыздын айынан 3 кызматкер жумуштан кетишти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга маалым болгон.

Жатак мектептин 6-классынын окуучусу — 13 жаштагы Айгиза үстүбүздөгү жылдын 11-мартында түнкү саат 03:00дө Москва районунун Беловодск айылынан «Манас» аэропорт тараптагы Дача СУ 1-тилкесиндеги үйүнө качып барган. Мындан улам мектептин тарбиячысы Елена Телегина, түнкү багуучу Анара Сарманбетова жана техкызматкер Кенжебек Тыналиев кызматтан кетишкен.

«Кеминде 50-60тай чакырым аралыктагы үйүнө түндөп барганы түшүнүксүз. Апасынын дооматынын айынан 3 эң мыкты кызматкерибиз "бизге баланын ден соолугу, амандыгы керек. Куру дооматка абийирибиз чыдабайт" дешип, өз арызынын негизинде кызматтан кетип калышты. Бизде иштөө өтө татаал. Акыл-эси кем балдар менен ар түрдүү окуялар боло берет. 19-апрелде тарбиячы Елена Телегина кеткен күнү окуучулар ыйлашып, эжекесинин кетпөөсүн өтүнүштү. Ал ар-намысты бек тутуп, иштен кетип калды. Учурда ата-энелер да ал тарбиячынын кайра кызматка келүүсүн, балдары көп жылдан бери ага көнүп калганын айтып арызданышууда», - деди директор Венера Наспекова.

Ал андан ары сөзүн улап: «Бизге жеткен маалымат боюнча кыздын апасы 9-мартта жолдошунун жылдыгын өткөрүүгө Жалал-Абад облусунун Аксы районуна жөнөп кеткен. Биздин оюбузча Аксыга кеткен апасына баруу максатында, кыз мектептен качып чыккан», - деди.

Ал эми мектептин ата-энелер комитетинин төрайымы — Сокулук районунун 45 жаштагы тургуну Елена Бекасова өз пикирин төмөндөгүчө билдирди.

«Менин балам Бекасов Юсуп бул окуу жайда 4-класста окуйт. Ушул мезгилге чейин бир да баланын, ата-эненин арыз-муңун уккан эмесмин. Өзүм ата-энелер комитетинин төрайымы болгон соң окуу-тарбия, жашоо шарттары менен такай таанышып турам. Тамактануу эң жакшы жолго коюлган. Айрым учурларда электр тогу үзгүлтүккө учураганда казанга тамак бышырышат. Мектеп директору Венера Наспекова көп жумуштарды жасады жана жасалып жатат. Мектептин бүт терезелери алмаштырылып, айлана-чөйрө көрктөндүрүлдү. Акыл-эси кем балдар комуз үйрөнүшүп, кол өнөрчүлүгүн да өркүндөтүүдө. Ошондой болгон күндө да терс көрүнүш жаралып кетти. Түн ката качкан кыздын окуясы чырга айланды. Директор баш болгон тарбиячылар 2 жолу үйүнө барса да кабыл албай койгон апасы баарын түйшүккө салууда. Эмне билгени бар түшүнүксүз. Мына 3 кызматкер кызматтан кетип калды. Тарбиячы Елена Телегинаны кайра жумушка кайтарууну ата-энелер суранышууда. Эгерде мектепте видеокөзөмөл болгондо бул окуя туңгуюкта калбайт эле. Биз тийиштүү жетекчилерден, өзгөчө Билим берүү министрлигинен суранат элек. Тез арада көмөкчү жатак-мектепке видеокөзөмөл коюп, көмөк көрсөтүү керек», - деди ал.

Кара-Балта шаарынын тургуну Айгүл Акматалиева, Панфиловдон Уулжан Чоңмурунова, Бишкектен Виктор Наренко, Москва районунан Оксана Драмарецкая жана башка ата-энелер жатак-мектепте жагымдуу иш-аракеттер жаралып жатканын айтышты. Тарбиячылардын кайра жумушка келүүсүн өтүнүштү. Ошондой эле ата-энелер качкан кыздын апасына бул мектеп жакпаса, анда кызын башка жакка которуп кетүүнү талап кылышты.

Ал эми мугалимдер-тарбиячылар аталган окуя окуу-тарбия процессине тоскоол болуп жатканын билдиришти.

Эки кабаттуу жатак мектеп талаптагыдай ашкана, жатакана, эс алуу бөлмөлөрү, медпункт, спорт аятчалары, залдары менен жабдылган. Анда көп улуттан турган 159 окуучу билим, тарбия алышат. Алар психологиялык, медициналык жана педагогикалык корутундунун негизинде республиканын ар аймактарынан келишкен акыл-эсинен жабыркаган балдар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×